Жыл башынан бери Кыргызстанга 620 млн доллардан ашык акча которулду

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү624 млндолларды түздү. Ошол эле мезгилде кыргызстандыктар башка өлкөлөргө дээрлик 190 млн доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Акча которуулардын басымдуу бөлүгү Россияга туура келет — 556.9 млн доллар, ал жерден 420.1 млн доллар которулуп, ал мамлекетке 136.8 млн доллар которулган.

Ушул эле мезгилде алыскы чет өлкөлөрдөн 46.4 млн доллар которулса, ошол эле мезгилде Кыргызстандан бул өлкөлөргө 50.7 млн доллар которулган.