2023-жылдын беш айында жергиликтүү бюджеттерине 4 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын январь-май айларында бюджеттер аралык трансферттер боюнча республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Бөлүнгөн каражаттардын ичинде:

· теңдештирүү трансферттер боюнча – 1.3 млрд сом каржыланды;

· максаттуу трансферттер боюнча – 2.7 млрд сом бөлүндү.

Анын ичинен:

· бийик тоолордун оор табигый-климаттык шарттарда жашаган жарандарды мамлекеттик колдоонун эсебинен, электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүдө 50% өлчөмүндө компенсация төлөөгө – 98.2 млн сом;

· жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн (статисттерге кошумча эмгек акы) – 92.4 млн сом;

· жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө (Мамлекеттик каттоо кызматынын эмгек акысы) – 32.1 млн сом;

· Бишкек шаары (бирдиктүү салык) – 2.3 млрд сом;

· Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча – 117. 5 млн сом;

· Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыздоого – 20 млн сом;

· Чон-Алай айыл өкмөтүнө – 2 млн сом сом;

· калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга – 102.6 млн сом;

· облустардагы өкүлчүлүктөрүнө – 186.5 млн сом;

· облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн резервдик фондуна – 12.5 млн сом;

· электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого – 603,9 млн сом;

· райондук мамлекеттик администрацияларга – 323.7 млн сом;

· райондук мамлекеттик администрациялардын резервдик фондуна -12.5 млн сом;

· облустардын өнүктүрүү фонддоруна – 138.2 млн сом;

· райондорду өнүктүрүү фонддоруна – 97.7 млн сом;

· Баткен облусуна (өзгөчө статус) – 300 млн сом бөлүндү.