> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай кыргызстандык ишкерлер үчүн виза берүүнүн шартын жеңилдетиши мүмкүн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/15/kytai-kyrghyzstandyk-ishkierlier-uchun-viza-bieruunun-shartyn-zhienildietishi-mumkun/
- Published: 2023-06-15T12:00:56.000Z
- Updated: 2023-06-15T12:01:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме маалымдады.**

Эки тарап тең Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө терең кызыкдар экендигин билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын ар кандай аспектилери, анын ичинде соода алмашууну жакшыртуу, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун жана импортун көбөйтүү, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана инвестицияларды тартуу талкууланды.

> Тараптар ишкерлер үчүн виза берүүнү жеңилдетүү ниетин билдиришти, бул эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүгө жана алмашууга өбөлгө түзөт. Өзгөчө көңүл ишкер миссияларды, көргөзмөлөрдү жана форумдарды өткөрүүгө бурулду», - деп палата белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө даяр экендиктерин тастыкташты, бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.