> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын облусуна бюджеттен 249.3 млн сом которулду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/16/naryn-oblusuna-biudzhiettien-249-3-mln-som-kotoruldu/
- Published: 2023-06-16T08:15:59.000Z
- Updated: 2023-06-21T06:10:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 5 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер 249.3 млн сом өлчөмүндө акча каражаты каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Каражаттын ичинен:

· теңдөөчү трансферт – 196.4 млн сом;

· ыйгарым укуктарды берүүгө – 18.2 млн сом;

· электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 27.2 млн сом;

· башкы план – 7.5 млн сом.