Баткенде эгиндеринин жыйноо аянты 16.4 миң га түзөт
2023-жылдын түшүмү үчүн Баткен облусунда кылкандуу дан эгиндеринин жыйноо аянты 16.4 миң га түзөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Такталгандай, буудайдын жыйноо аянты 14.3 миң га болот, арпаныкы – 12.1 миң га.
Учурда Баткен облусунда буудай жыйноо иштери кызуу жүрүүдө жана 400 га ашык аянтта буудай чабылды.