> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ички чарба каналдарды оңдоп-түзөөгө 600 млн доллар керек
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/19/kyrghyzstandyn-ichki-charba-kanaldardy-ondop-tuzoogho-600-mln-dollar-kieriek/
- Published: 2023-06-19T08:35:54.000Z
- Updated: 2023-06-19T08:35:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын ички чарба каналдарды оңдоп-түзөөгө 600 млн доллар керек. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев ЖМК менен маегинде айтып берди.**

Анын айтымында, азыртан кургукчылга даярдык көрүлүп, бул багыттагы башталган реформаларды, курулуштарды жыйынтыктап жетишүү зарыл. 

> «Быйыл дагы миллиард сомго чукул каражат каралары болжолдонуп, анын 30% бөлүндү. Бир катар канал, суу сактагычтардын курулушу жүрүп жатат же башталуу алдында турат. Болгону бул багыттагы кадрлардын жетишсиздиги көйгөй жаратууда», - деди Сокеев. 

2022-жылы 951 млн сом бөлүнүп миң чакырым канал тазаланса, 250 чакырымы оңдоп-түздөлдү. Насостук станциялардагы 300 агрегаттын 56сы алмаштырылып, ирригацияны жакшыртуу иштери дагы да улантылууда.