> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министри Уругвайдын уй этин сатуу ыкмалары менен таанышты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/21/aiyl-charba-ministri-urughvaidyn-ui-etin-satuu-ykmalary-mienien-taanyshty/
- Published: 2023-06-21T07:00:08.000Z
- Updated: 2023-06-21T07:00:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 21-июнунан 22-июнуна тарта Дүйнөлүк банктын чакыруусу менен Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков Уругвайда. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.**

Бул сапардын алкагында Аскарбек Джаныбеков мал чарбачылыгынын улуттук маалымат системасы менен таанышты.

Баса белгилесек, көзөмөлдөө тутумунда ар бир жаныбар туулгандан баштап уникалдуу номер жана электрондук чип алат, бул анын саламаттыгынын абалы жөнүндө толук маалыматты чогултууга, кыймылдарды каттоого жана ээсинин алмашуусун онлайн режиминде алууга мүмкүндүк берет. Малдын саламаттыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал болгон учурда, система коркунучтуу аймактагы жаныбарлардын санын так аныктоого мүмкүндүк берет.

Бул көзөмөлдөө системасын киргизүү Уругвайга жеткирүү чынжырчасын толук көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, өндүрүлгөн уйдун ар бир килограммын өндүрүштүк аймактан тартып, ферманы жана конкреттүү жаныбарга чейин байкоого болот. Системанын жардамы менен Уругвай 80% экспорттолгон жогорку сапаттагы уй этин башка өлкөлөргө караганда 15% га жогорку баасын кепилдейт.