Кыргызстанда транспорттук туңгуюктан этап-этабы менен чыгууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар – Арзыбек Кожошев

2023-жылдын 20-июнунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин катышуусунда «Транспорт коридорлорун өнүктүрүү» ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин соода жана транзиттик потенциалын ишке ашыруунун стратегиялык багыты» аттуу тегерек столу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Кожошев өнүккөн темир жол инфраструктурасынын жоктугунун азыркы шарттарында КРдагы темир жол жана коммуникациялардын туңгуюк абалын эске алуу менен кытай демилгеси боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору ишке ашырылып жатканына көңүл бурду. «Бир алкак, бир жол» ата мекендик экономиканы башка мамлекеттердин рынокторуна жаңы альтернативалуу жолдор менен камсыз кылат. Ошентип, экономика жүк ташуу жолдорун диверсификациялоо менен транспорттук туңгуюктан чыгат.

«Мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык транспорттук долбоорлордун тизмесин бекитишти. Кыргызстандан тизмеге «Луговая – Балыкчы» темир жол участогун электрлештирүү долбоору, ошондой эле киргизүү процессинде дагы эки долбоор бар, алардын бири стратегиялык мааниге ээ. Кыргызстан үчүн бул Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал – Жалал-Абад темир жолу», - деди министр.