> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 5 айда алкоголсуз суусундуктардан 275 млн сом акциз салыгы түштү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/22/5-aida-alkogholsuz-suusunduktardan-275-mln-som-aktsiz-salyghy-tushtu/
- Published: 2023-06-22T05:45:58.000Z
- Updated: 2023-06-22T05:45:57.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 5 айында Салык кызматы алкоголсуз суусундуктардан 275.6 млн сом акциз салыгын чогултту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

Жалпысынан бул продукцияга акциз салыгы киргизилгенден бери бюджетке 445.9 млн сом түшкөн.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына киргизилген алкоголсуз суусундуктарды (кант же аны алмаштыруучу же даамдуу-жыт берүүчү заттарды камтыган суу) өндүрүүгө жана Кыргызстандын аймагына импорттоого акциз салыгы салынат.

2024-жылдын 1-январынан тартып бул продукция акциз жыйымынын маркасы менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш, ошондой эле акциз салыгынын ставкасы 1 сомго жогорулайт (1 литр үчүн).