5 айда алкоголсуз суусундуктардан 275 млн сом акциз салыгы түштү

2023-жылдын 5 айында Салык кызматы алкоголсуз суусундуктардан 275.6 млн сом акциз салыгын чогултту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан бул продукцияга акциз салыгы киргизилгенден бери бюджетке 445.9 млн сом түшкөн.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына киргизилген алкоголсуз суусундуктарды (кант же аны алмаштыруучу же даамдуу-жыт берүүчү заттарды камтыган суу) өндүрүүгө жана Кыргызстандын аймагына импорттоого акциз салыгы салынат.

2024-жылдын 1-январынан тартып бул продукция акциз жыйымынын маркасы менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш, ошондой эле акциз салыгынын ставкасы 1 сомго жогорулайт (1 литр үчүн).