> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Cаламаттык сактоо тармагына 10.6 млрд сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/22/calamattyk-saktoo-tarmaghyna-10-6-mlrd-som-bolundu/
- Published: 2023-06-22T11:40:19.000Z
- Updated: 2023-06-22T11:40:18.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын январь-май айларында «Саламаттык сактоо» бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын аткарылышы 10.6 млрд сомду же такталган жылдык пландын 36.9%ын түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Такталгандай, Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик каражаттар боюнча аткарылуу такталган жылдык планга карата 1.7 млрд сомду же 36%ды түздү, анын ичинде:

• 440 млн сом эмгек акыга жана Соцфондго чегерүүлөргө каржыланды;

• гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө – 67.4 млн сом;

• дары-дармектерди сатып алууга – 674.5 млн сом;

• азык-түлүк сатып алууга – 17 млн сом.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 8.5 млрд сом бөлүнду же 36.5%ын түздү, анын ичинде камсыздоо боюнча гемодиализ кызматтарына – 883.5 млн сом.