Депутаттар тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамды колдошту

Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчу окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, мыйзам экономикалык көз карандысыздыкты коргоо, КРнын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, тышкы соода ишмердигин өнүктүрүүгө дем берүү жана өлкөнүн экономикасын эффективдүү интеграциялоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун колдонуудагы практикасын өзгөртпөйт, жаңы жөнгө салуу чараларын киргизбейт жана кызыкдар тараптар үчүн көйгөйлөрдүн келип чыгышына көмөктөшпөйт.

Мыйзамда камтылган 13, 17 жана 19-беренелер алып салынды, анткени аталган ченемдер «Экспорттук контролдоо жөнүндө», «Эркин экономикалык зоналар жөнүндө» жана “КРда техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» мыйзамдарга киргизилди.