Минкаб германиялык ишкерлерди ГЭСтерди курууга чакырды

Министрлер кабинети германиялык ишкерлерди ГЭС жана күн электр станцияларын курууга чакырды. Бул тууралуу минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын экономикалык делегациясы менен жолугуусунда айтты.

Акылбек Жапаров инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз кылып жатып, Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу тармагында потенциалы жогору экендигин белгиледи.

«Биз германиялык тарапты материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган гидроэлектростанцияларды жана күн электр станцияларын курууга катышуусун кароону сунуштайбыз. Учурда Кыргызстанда чакан ГЭСтер активдүү курулууда. Бул үчүн германиялык компанияларды Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырабыз», - деди ал.

Өз кезегинде герман ишкерлери тоо туризми, энергетика, курулуш, логистика тармактарында инвестиция салууга кызыкдар экенин жана мамлекеттик кепилдиктер боюнча токтолушту.