> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банктын 2022-жылдагы кирешесинин 90% бюджетке которулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/22/uluttuk-banktyn-2022-zhyldaghy-kirieshiesinin-90-biudzhietkie-kotorulat/
- Published: 2023-06-22T07:00:05.000Z
- Updated: 2023-06-22T07:00:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кенештин жыйынында «КРнын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.**

Мыйзамдын демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы. Бул конституциялык мыйзам долбоору Улуттук банктын пайдасын 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешесине 90% өлчөмүндө которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан. 

Долбоор эч кандай сын-пикирлер жана сунуштарсыз Улуттук банкы менен макулдашылган.