Кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат

2023-жылдын 22-июнда Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттик Al Huqооq International Company компаниясы келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Эмгек министрлиги кабарлады.

Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө департамент Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Перс булуңунун өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде мыйзамдуу, коопсуз жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн берип жатат.

«Кол коюлган келишимдин алкагында кыргызстандыктарга туризм, медицина жана мейманкана бизнеси тармагында бош орундар берилет. Негизги талаптар – англис тилин билүү жана 18 жаштан 45 жашка чейинки курак», - деп түшүндүрдү министр.