Минкаб «Кыргызнефтегазга» эки кенди өткөрүп берди

«Кыргызнефтегаз» республиканын түштүгүндөгү эки мунай жана газ кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү укугуна ээ болду. Тиешелүү буйрукка 13-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документ Юстиция министрлигинин маалымат базасына жарыяланган.

Маселе Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Арык кени жана Ош облусунун Алай районундагы Ачыкташ кениндеги мунай жана газ кендери тууралуу болуп жатат.

Ошондой эле, министрлер кабинети Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине ушул буйрукта көрсөтүлгөн жер казынасынын объектилерине «Кыргызнефтегаз» ААКга лицензия берүүнү тапшырды.