> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт министрлиги Сары-Челектин жолун асфальттоону пландап жатат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/23/transport-ministrlighi-sary-chieliektin-zholun-asfalttoonu-plandap-zhatat/
- Published: 2023-06-23T06:30:10.000Z
- Updated: 2023-06-23T06:30:10.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Транспорт министри Тилек Текебаев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сары-Челектин жолунун абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.** 

Министрдин айтымында, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте инфраструктураны жакшыртып, жаратылышы керемет жети дубанды көрүүгө келген конокторго жакшы шарт түзүү маанилүү. 

> «Мындан улам, мамлекет жетекчисинин демилгеси менен айыл аралап, асман тиреген тоолордун койнунда мелтиреп жаткан көлүбүзгө барчу жолго асфальт төшөө пландалууда», - деди Текебаев.

Жергиликтүү калк менен келген коноктордун каалоосун эске алып, өзгөчө коргоодо турган кереметүү Сары-Челек коругунун жолун оңдоо мерчемделүүдө.