Балыкчыдагы «Кыргызкөмүрдүн» базасынын аянты 3 гектарга кеңейди

Балыкчыдагы «Кыргызкөмүрдүн» базасынын аянты 3 гектарга кеңейди. Бул тууралуу ЖКнын депутаттары менен Энергетика министрлигинин өкүлдөрүнүн Ысык-Көлдөгү көчмө жыйынында айтылды.

Ошондой эле, эл өкүлдөрү буга чейинки чыр жараткан тараза маселесине токтолушту. Энергетика министри Таалайбек Ибраев бул тууралуу депутттарга маалымат берип жатып, азыркы күндө маселени атайын комиссия текшерип жатканын билдирди.

Эл өкүдөрү балыкчы шаарында болгон көчмө жыйында жергиликтүү тургундар менен жолушугуу өткөрүп, алардын көйгөйлүү маселелерин угушту. Жыйынга энергетика министри катышып, бир топ суроолорго жооп берип, көйгөйлөрдү жакынкы арада чечип берээрин билдирди.