«Евразиялык Сактык Банкында» атайын режими жарым жылга узартылды

2023-жылдын 21-июнунда Улуттук банктын башкармасы «Евразиялык Сактык Банкы» ААКсында 2023-жылдын 23-июнунан тартып убактылуу администрация атайын режими токтотулгандыгы тууралуу чечим кабыл алган. Бул тууралуу КРУБнун маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, 2023-жылдын 23-июнунан тартып 6 (алты) айлык мөөнөткө убактылуу администрация атайын режими киргизилген.

Ошондой эле, Таалайбек Алыбаев «Евразиялык Сактык Банкы» ААКсынын убактылуу администратору болуп дайындалды.