> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү пландаштырууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/26/kyrghyzstan-mienien-kazakstan-sooda-zhughurtuunun-kolomun-2-mlrd-dollargha-zhietkiruunu-plandashtyruuda/
- Published: 2023-06-26T10:35:27.000Z
- Updated: 2023-06-26T10:35:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Нурланбек Шакиев Казакстандын парламентинин төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнин маалымат кызматы билдирди.**

Жолугушууда соода-экономикалык алакалар тууралуу сөз болуп, Нурланбек Шакиев Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнө жакынкы аралыкта соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы коюлганын белгиледи. Алсак, 2022-жылы эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1.2 млрд долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13.8%га өскөн.

> «Бул жетишкендиктер менен токтоп калбашыбыз керек. Кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Ошондой эле «Чолпон-Ата-Алматы» автожолун куруу менен туристтик мүмкүнчүлүктөрдү дагы кеңейте алабыз. Муну менен катар кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын маселелерин чечүү, Казакстандын аймагы аркылуу жүк агымдарынын өтүүсүнө байланышкан тоскоолдуктарды да болтурбоо башкы маселе», - деди Шакиев.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев да Кыргызстан Казакстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин белгилеп, салт-санаа, үрп-адаты, тили, дини окшош эки элдин алакасын арттыруу башкы максат экенине токтолду. Айрыкча алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин белгиледи.