Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү пландаштырууда

Нурланбек Шакиев Казакстандын парламентинин төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда соода-экономикалык алакалар тууралуу сөз болуп, Нурланбек Шакиев Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнө жакынкы аралыкта соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы коюлганын белгиледи. Алсак, 2022-жылы эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1.2 млрд долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13.8%га өскөн.

«Бул жетишкендиктер менен токтоп калбашыбыз керек. Кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Ошондой эле «Чолпон-Ата-Алматы» автожолун куруу менен туристтик мүмкүнчүлүктөрдү дагы кеңейте алабыз. Муну менен катар кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын маселелерин чечүү, Казакстандын аймагы аркылуу жүк агымдарынын өтүүсүнө байланышкан тоскоолдуктарды да болтурбоо башкы маселе», - деди Шакиев.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев да Кыргызстан Казакстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин белгилеп, салт-санаа, үрп-адаты, тили, дини окшош эки элдин алакасын арттыруу башкы максат экенине токтолду. Айрыкча алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин белгиледи.