> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайлык ишкерлер депутаттарга бизнес-долбоорлорду тартуулашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/26/kytailyk-ishkierlier-dieputattargha-biznies-dolboorlordu-tartuulashty/
- Published: 2023-06-26T03:35:45.000Z
- Updated: 2023-06-26T03:35:44.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева менен депутат Карим Ханжеза парламентте Кытайдан келген ири бизнес корпорациялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чара 24-июнда өттү, бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.**

Иш-чарага машина куруу, транспорт, агроөнөр жай продукциясын өндүрүү, айыл чарба, электромобилдерди чыгаруу тармагындагы түрдүү ишканалардын жетекчилери катышты.

Кытайдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү өздөрүнүн инвестициялык долбоорлорун тааныштырышып, ири бизнес долбоорлорду түзүп, ишке ашырууга жана КР аркылуу Борбор Азия рыногуна чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.