Кытайлык ишкерлер депутаттарга бизнес-долбоорлорду тартуулашты

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева менен депутат Карим Ханжеза парламентте Кытайдан келген ири бизнес корпорациялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чара 24-июнда өттү, бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага машина куруу, транспорт, агроөнөр жай продукциясын өндүрүү, айыл чарба, электромобилдерди чыгаруу тармагындагы түрдүү ишканалардын жетекчилери катышты.

Кытайдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү өздөрүнүн инвестициялык долбоорлорун тааныштырышып, ири бизнес долбоорлорду түзүп, ишке ашырууга жана КР аркылуу Борбор Азия рыногуна чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.