> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Иранга 20 миң тонна арпаны экспорттогонго мүмкүн алды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/27/kyrghyzstan-irangha-20-min-tonna-arpany-eksporttoghongho-mumkun-aldy/
- Published: 2023-06-27T06:00:51.000Z
- Updated: 2023-06-27T06:00:50.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Иранга 20 миң тонна арпаны экспорттоого квота алды. Мындай чечимди 26-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Москвада өткөн кезектеги жыйынында кабыл алды. Бул тууралуу КР өкмөтү кабарлады.**

ЕАЭБ менен Ислам Республикасынын ортосундагы эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын алкагында Иранга дан эгиндерин сатуу маселеси каралды.

Маалым болгондой, буудай жана арпа боюнча макулдашуунун алкагында биримдиктин өнөктөшүнүн рыногуна жеңилдетилген тартипте товарларды жеткирүү үчүн квота ичиндеги көлөмдөрдү мүчө мамлекеттер ортосунда бөлүштүрүү белгиленген.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен Кыргызстанга арпаны Иранга жеткирүүгө тарифтик квота 20 миң тонна өлчөмүндө аныкталган.