> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусунда 1.40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/27/osh-oblusunda-1-40-gha-zhierghie-industrialdyk-loghistikalyk-borbor-kurulat/
- Published: 2023-06-27T06:25:07.000Z
- Updated: 2023-06-27T06:25:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан 1.40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Маалымат министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду.**

Долбоорго ылайык, аталган борбор «Достук» чек ара өткөрмө аймагынан 800 метр аралыкта жайгашат жана анда кампа имараты, көмөкчү чарбалары бар имарат, унаа токтоочу жай, трансформатордук подстанциянын курулуштары каралган.

Бул багытта минкаб төрагасы Акылбек Жапаров инфраструктуралык долбоорлор үчүн жерлерди трансформациялоо иштери кылдат жана мыйзам алкагында жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.