Ош облусунда 1.40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат

Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан 1.40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Маалымат министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Долбоорго ылайык, аталган борбор «Достук» чек ара өткөрмө аймагынан 800 метр аралыкта жайгашат жана анда кампа имараты, көмөкчү чарбалары бар имарат, унаа токтоочу жай, трансформатордук подстанциянын курулуштары каралган.

Бул багытта минкаб төрагасы Акылбек Жапаров инфраструктуралык долбоорлор үчүн жерлерди трансформациялоо иштери кылдат жана мыйзам алкагында жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.