> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 116 сорту сыноодон өтүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/27/osh-oblusunda-aiyl-charba-osumduktorunun-116-sortu-synoodon-otuudo/
- Published: 2023-06-27T10:35:20.000Z
- Updated: 2023-06-27T10:35:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев мамлекетибизде чыгарылган жана башка чет – өлкөлөрдөн алынып келинген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун Ош облусунун шартында сынап, ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөн өсүмдүктөрдүн жыйынтыгы менен жеринде танышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.**

Такталгандай, «Таширов» кооперативинин жетекчиси Зарипбек Жоошбеков пахтанын эгиндерин өстүрүүдө ар бир гектардан алынып жаткан түшүмдүүлүгү жылдан-жылга алдыңкы агротехникалык ыкмалардын негизинде 40-45 ц/га көбөйүп жатканын, кылкандуу дан экиндери 47-65 ц/га чейин жогорулап жаткандыгын жана кооперативдин техникалык-материалдык базасын чыңдоо менен заманбап техникаларды алып келүү жана дыйкан-фермерлерды сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылып жаткандыгын билдирди.

Быйылкы жылы 116 сорт сыноодон өтүүдө:

• күздүк буудайдын 35 сорту;

• жазгы буудайдын 6 сорту;

• жазгы арпанын- 15 сорту;

• жүгөрүнүн 40 гибриди;

• пахтанын 20 сорту.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/347616037_309112494787929_673833959752030799_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/347246790_309112464787932_1790930836540609345_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/347631326_309112271454618_3526140070774311051_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/347449526_309112194787959_8816473579270484776_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/347421744_309112804787898_5208184660980419854_n.jpg)