Ош облусунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 116 сорту сыноодон өтүүдө

КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев мамлекетибизде чыгарылган жана башка чет – өлкөлөрдөн алынып келинген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун Ош облусунун шартында сынап, ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөн өсүмдүктөрдүн жыйынтыгы менен жеринде танышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «Таширов» кооперативинин жетекчиси Зарипбек Жоошбеков пахтанын  эгиндерин өстүрүүдө ар бир гектардан алынып жаткан түшүмдүүлүгү жылдан-жылга алдыңкы агротехникалык ыкмалардын негизинде 40-45 ц/га көбөйүп жатканын, кылкандуу дан экиндери 47-65 ц/га чейин жогорулап жаткандыгын жана кооперативдин техникалык-материалдык базасын чыңдоо менен заманбап техникаларды алып келүү жана дыйкан-фермерлерды  сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылып жаткандыгын билдирди.

Быйылкы жылы 116 сорт сыноодон өтүүдө:

• күздүк буудайдын 35 сорту;

• жазгы буудайдын 6 сорту;

• жазгы арпанын- 15 сорту;

• жүгөрүнүн 40 гибриди;

• пахтанын 20 сорту.