> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдын беш айында алкаголдук продукциясынын сатуусунан бюджетке 1.4 млрд сом түштү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/29/2023-zhyldyn-biesh-aiynda-alkagholduk-produktsiiasynyn-satuusunan-biudzhietkie-1-4-mlrd-som-tushtu/
- Published: 2023-06-29T10:25:07.000Z
- Updated: 2023-06-29T10:25:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Алкоголдук продукциядан түшкөн киреше өткөн жылга салыштырмалуу 199%га көбөйдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.**

Анын айтымында, 2023-жылдын январь-май айларында 22 млн 895 миң литр алкоголдук продукция өндүрүлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу 9 млн 756 миң литрге көп.

> «Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (өсүү темпи 74.2%) түздү. Өндүрүштө жана сатууда акциздик салыкты төлөө фактысы 2023-жылдын 26-июнуна карата алкоголдук продукция – 1 млрд 407.6 млн сом», - деп Орунбеков белгиледи.