2023-жылдын беш айында алкаголдук продукциясынын сатуусунан бюджетке 1.4 млрд сом түштү

Алкоголдук продукциядан түшкөн киреше өткөн жылга салыштырмалуу 199%га көбөйдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын январь-май айларында 22 млн 895 миң литр алкоголдук продукция өндүрүлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу 9 млн 756 миң литрге көп.

«Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (өсүү темпи 74.2%) түздү. Өндүрүштө жана сатууда акциздик салыкты төлөө фактысы 2023-жылдын 26-июнуна карата алкоголдук продукция – 1 млрд 407.6 млн сом», - деп Орунбеков белгиледи.