> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 11.7 млрд сом төктү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/29/alians-altyn-kompaniiasy-biudzhietkie-11-7-mlrd-som-toktu/
- Published: 2023-06-29T11:45:53.000Z
- Updated: 2023-06-29T11:45:53.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2023-жылдын июнь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 11 млрд 760 млн сом салык төлөсө, анын 8 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.**

«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 875.6 млн сом төлөгөн, анын ичинде:

• Талас облусун өнүктүрүү фонду – 437.8 млн сом;

• Талас районунун өнүктүрүү фонду – 262.6 млн сом;

• Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду – 175 млн сом.

Декабрь айына карата компанияда 839 кызматкер иштейт.