> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясы курулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/29/kyrghyzstanda-tabighyi-taza-osumduktordu-osturuu-uchun-in-vitro-laboratoriiasy-kurulat/
- Published: 2023-06-29T05:15:24.000Z
- Updated: 2023-06-29T05:15:24.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясын куруу үчүн тиешелүү адистердин катышуусунда пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.**

In-vitro лабораториясынын негизги милдети ар кандай өсүмдүктөрдүн вирустары жана башка оорулары жок көчөттөрдү өстүрүү болуп саналат. Ошондой эле клондоштуруу аркылуу өсүмдүктөрдүн эски сортторун калыбына келтирүүгө жана алардын санын көбөйтүүгө болот. Бул лаборатория ишке киргизилсе жылына 500 миң көчөт өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөөрү пландалууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментине бир жумалык мөөнөттө аткара турган тиешелүү тапшырмаларды берди.