> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайдын Чэнду шаарында соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/29/kytaidyn-chendu-shaarynda-sooda-ekonomikany-zhana-inviestitsiiany-onukturuugho-arnalghan-forum-ottu/
- Published: 2023-06-29T06:30:08.000Z
- Updated: 2023-06-29T06:30:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайдын Чэнду шаарында соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди.**

Форумга Сычуань провинциясынан 100 ашык инвестициялык жана туристтик компаниялардын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

> Агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов иш-чаранын жүрүшүндө кытайлык ишкерлерге Кыргызстандагы бизнес-климат, ошондой эле анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк айтып берди.

Директордун орун басары Кыргыз Республикасы чоң инвестициялык потенциалга ээ жана Сычуань провинциясындагы инвесторлор үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, ЕБ жана АКШнын (ВСП+) ошондой еле Улуу Британия (DCTS) рыногторуна кирүү үчүн ыңгайлуу «терезе» катары иштей аларын белгиледи.