> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу долбоорун талкуулады – долбоордун баасы 35 млн доллардан ашуун
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/29/okmot-mailuu-suu-chakan-gesin-kuruu-dolboorun-talkuulady-dolboordun-baasy-35-mln-dollardan-ashuun/
- Published: 2023-06-29T04:55:23.000Z
- Updated: 2023-06-29T04:57:03.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана каржы институттарынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Жыйында Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу үчүн биргелешип каржылоо маселеси каралды. Тагыраагы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы финансы-кредиттик фонду, «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКсы, Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ортосунда биргелешип каржылоо каралууда.

Белгилей кетсек, долбоордун болжолдуу баасы 35 млн доллардан ашуун. Курулуш иштерин 2-2.5 жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Долбоор ишке ашырылса, анын жалпы кубаттуулугу 26 МВтты түзөт жана жылына орточо 108 млн кВт саат электр энергиясын иштеп чыгууну болжолдойт.