Өкмөт Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу долбоорун талкуулады – долбоордун баасы 35 млн доллардан ашуун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана каржы институттарынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу үчүн биргелешип каржылоо маселеси каралды. Тагыраагы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы финансы-кредиттик фонду, «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКсы, Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ортосунда биргелешип каржылоо каралууда.

Белгилей кетсек, долбоордун болжолдуу баасы 35 млн доллардан ашуун. Курулуш иштерин 2-2.5 жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Долбоор ишке ашырылса, анын жалпы кубаттуулугу 26 МВтты түзөт жана жылына орточо 108 млн кВт саат электр энергиясын иштеп чыгууну болжолдойт.