> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл облусу менен КНРдын СУАР аймагы туризм тармагы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/29/ysyk-kol-oblusu-mienien-knrdyn-suar-aimaghy-turizm-tarmaghy-boiuncha-suiloshuulordu-otkordu/
- Published: 2023-06-29T06:55:33.000Z
- Updated: 2023-06-29T06:55:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**27-июнь күнү Ысык-Көл облусуна Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень келди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.**

Облус жетекчиси Илияз Иманбетов Кытай элчиси менен облустагы бир катар маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Анда эки өлкө ортосундагы карым-катнаш, өзгөчө Ысык-Көл облусу менен Кытайдын СУАР аймагы ортосундагы алака, андагы экономикалык, айыл чарба багыты, туризм тармагы боюнча сүйлөшүүлөр болду.

> Элчи айым иш сапарынын алкагында Түп районунун Чоң-Сары Кыр жана Чар-Кудук жайлоолорунда ачылыш аземи болгон жайлоо бала бакчаларына барды.