1-июлдан тартып суюлтулган көмүрсуутек газына салыктын ставкасы тоннасына 3 миң сомду түзөт

Салык кызматы мунай заттарды өндүрүүчүлөргө жана импорттоочуларга 2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (ТЭИ ТН 2711110000 - 2711190000) тоннасына 3 миң сом өлчөмүндө акциз салынат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Такталгандай, көрсөтүлгөн күндөн баштап суюлтулган көмүрсуутек газын өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдарынын ушул ченеми эске алынышы керек.