> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Фермерлерге 3 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/30/kyrghyzstandyn-dyikan-fiermierlierinie-3-mlrd-somdon-ashyk-zhienildietilghien-nasyia-bierildi/
- Published: 2023-06-30T09:30:37.000Z
- Updated: 2023-06-30T09:30:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 29-июнуна карата «Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 3 млрд сомдон ашык насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3.3 млрд сом суммасын түзүүдө.

Долбоордун алкагында республиканын 6 миң 886 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 96.6 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.