> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров: Асман – финансылык хаб болот
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/06/30/sadyr-zhaparov-asman-finansylyk-khab-bolot/
- Published: 2023-06-30T10:20:02.000Z
- Updated: 2023-06-30T10:20:02.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Асман шаары – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров курулуштун баштоо аземинде билдирди.** 

Өз сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

> «Заманбап шаар курулушун колдоо менен биз алдыга коюлган улуу максаттарга ынтымак менен гана жетерибизди, ой-кыялдарыбызды реалдуулукка айланта аларыбызды далилдеп турабыз.

> Азыркы тапта дүйнө өлкөлөрү акылдуу шаарларды курууга умтулуп жатканын эске алсак, заман талабынан артта калбай, “акылдуу шаар” куруу долбоору кубаттоого арзыйт.

> Бул долбоорду ишке ашыруу менен биз кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүздүн жээгинде инновациялык шаар куруп, экономикалык жана туристтик борборго ээ болобуз», - деди президент.

Анын айытмында, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мындай ири долбоор эң алды менен туризмди жана инвестициялык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү максатын көздөйт. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы туристтерди өзүнө тарткан кереметтүү көлүбүздүн жээгине мындай инновациялык шаар куруу менен, өлкөбүздүн туристтик жана инвестициялык кудуретин мындан да арттырууга жол ачылат.