Бишкектин өнүктүрүү агенттиги менен Жогорку технологиялар паркы меморандумга кол коюшту

Шаарды өнүктүрүү агенттигинин жетекчилиги Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын ишмердүүлүгү менен таанышуусу жана презентациясы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жогорку технологиялар паркынын директору Азис Абакиров өнүгүү программалары, иштин натыйжалары, иш-чаралардын түрлөрү, анын ичинде IT-билим берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча маалыматтар презентациялады.

Жыйындын катышуучулары Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги менен Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Максаты – Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүү.