Фермерлерге 3 млрд сомдон ашык суммага жеңилдетилген насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча фермерлерге 3 млрд сомдон ашык суммага 6 886 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 789.1 млн сомго 1886 насыя берилди, анын ичинен:

• «Айыл банк» - 461 млн сомго 1068 насыя;

• «РСК банк» - 328.1 млн сомго 818 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2.3 млрд сомго 5000 насыя берилди, анын ичинен:

• «Айыл банк» - 1 млрд сомго 2309 насыя;

• «РСК банк» - 1.2 млрд сомго 2691 насыя.