Суу чарба объектилерин оңдоосу 462.1 млн сомго каржыланган

Суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 2023-жылга баштапкы сметада 962.1 млн сом каралган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги эскертти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 30-июнуна карата 462.1 млн. сом каржыланды.

Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 524.7 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 529 гидротехникалык курулмалардын, 193 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 5 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 88 насостук станциялардын, 151 насостук агрегаттардын оӊдоо, 11 насостук агрегаттын жаӊылоо, 74.2 км коллектордук-дренаждык тармактын тазалоо иштери жүргүзүлдү.