> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ысык-Көл» аэропортунун имаратынын долбоорунун макети тартууланды – видео
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/03/ysyk-kol-aeroportunun-imaratynyn-dolboorunun-makieti-tartuulandy-vidieo/
- Published: 2023-07-03T09:37:48.000Z
- Updated: 2023-07-03T09:37:48.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет имаратынын долбоору ишке ашырыла башталды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.**

Аэропорттун маалымат кызматы долбоордун макети менен тааныштырда. Такталгандай, жаңы аэробекеттин долбоору «Манастын» архитекторлору жана дизайнерлери тарабынан иштелип чыкты.

Эске салсак, курулуш иштери 1 июлдан тарта башталган. [Долбоорго](https://im.kg/ekonomika/2023/07/03/ysyk-kol-el-aralyk-aeroportunun-zhany-aerobiekietinin-imaratynyn-kurulushu-bashtaldy/) ылайык, аэробекет ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer E170/E175 жана алардын аналогдору менен келген жүргүнчүлөрдү тейлөөгө ылайыкталган. Жаңы аэробекеттин 3 кабаттуу имаратынын аянты 18 424.5 м2 түзүп, ал саатына 450 жүргүнчүнү тейлейт. Учурда өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 адамды түзөт.