«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушу башталды

2023-жылдын 1-июлунда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Долбоорго ылайык, аэробекет ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer E170/E175 жана алардын аналогдору менен келген жүргүнчүлөрдү тейлөөгө ылайыкталган. Жаңы аэробекеттин 3 кабаттуу имаратынын аянты 18 424.5 м2 түзүп, ал саатына 450 жүргүнчүнү тейлейт. Учурда өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 адамды түзөт.

Жаңы комплекстин биринчи кабатында жүргүнчүлөрдү кабыл алуу залы, бажы жана паспорттук контролдоо аймагы, келген жүргүнчүлөрдү кабыл алуу залдары, багаж берүү залы, VIP/CIP каттоо, учуп келүү жана учуу зонасы, экинчи кабатында бажы жана паспорттук контролдоо аймагы, жүргүнчүлөрдү жөнөтүү залдар, техникалык бөлмөлөр, кызматтык жайлар, кафетерий, алымсыз дүкөндөр, ал эми үчүнчү кабатында жөнөп кетүү зоналар, административдик жайлар ж.б. жайгашат.