> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖТПын астында Кыргыз-корей илимий-технологиялык борбору түзүлөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/03/zhtpyn-astynda-kyrghyz-koriei-ilimii-tiekhnologhiialyk-borboru-tuzulot/
- Published: 2023-07-03T08:20:52.000Z
- Updated: 2023-07-03T08:20:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку технологиялар паркында (ЖТП) кыргыз-корей илимий-технологиялык борбору түзүлөт. Бул тууралуу уюмдун социалдык тармактардагы баракчасында маалымдалды.**

ЖТП билдиргендей, Парк дирекциясынын жетекчилери Түштүк Кореядан келген делегаттар менен алдыдагы өз ара пайдалуу кызматташтык тууралуу талкуулашты.

> «Азыр Кореянын IT компаниялары кадрларга муктаж. Кыргыз-Корея колледжинин жана Борбордук Азиядагы Корей институтунун негиздөөчүлөрүнүн аракети менен биз Кореяга жакындап жатабыз жана бүтүрүүчүлөр үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат»,- деди КР Азис Абакиров.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/FB_IMG_1688362316606.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/FB_IMG_1688362319151.jpg)