ЖТПын астында Кыргыз-корей илимий-технологиялык борбору түзүлөт

Жогорку технологиялар паркында (ЖТП) кыргыз-корей илимий-технологиялык борбору түзүлөт. Бул тууралуу уюмдун социалдык тармактардагы баракчасында маалымдалды.

ЖТП билдиргендей, Парк дирекциясынын жетекчилери Түштүк Кореядан келген делегаттар менен алдыдагы өз ара пайдалуу кызматташтык тууралуу талкуулашты.

«Азыр Кореянын IT компаниялары кадрларга муктаж. Кыргыз-Корея колледжинин жана Борбордук Азиядагы Корей институтунун негиздөөчүлөрүнүн аракети менен биз Кореяга жакындап жатабыз жана бүтүрүүчүлөр үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат»,- деди КР Азис Абакиров.