> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан биринчи жолу «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/04/kyrghyzstan-birinchi-zholu-innoprom-el-aralyk-onor-zhai-korghozmosuno-katyshat/
- Published: 2023-07-04T09:00:25.000Z
- Updated: 2023-07-04T09:00:25.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 10-июлунан 13-июлуна чейин Екатеринбургда өтө турган Иннопром эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө Кыргызстан биринчи жолу катышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.**

Такталгандай, министрлик «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууга даярданууда. Иннопром-2023 негизги темасы «Туруктуу өндүрүш: жаңылануу стратегиялары».

Бул көргөзмөдө 15тен ашык ата мекендик компаниялардын катышуусунда КРнын жамааттык стендин көрсөтүү пландаштырылууда. Ошондой эле, көргөзмөнүн өзүн ачуу жана өткөрүү алкагында министрликтин жетекчилигинин катышуусу пландалууда.