Кыргызстан биринчи жолу «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышат

2023-жылдын 10-июлунан 13-июлуна чейин Екатеринбургда өтө турган Иннопром эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө Кыргызстан биринчи жолу катышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Такталгандай, министрлик «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууга даярданууда. Иннопром-2023 негизги темасы  «Туруктуу өндүрүш: жаңылануу стратегиялары».

Бул көргөзмөдө 15тен ашык ата мекендик компаниялардын катышуусунда КРнын жамааттык стендин көрсөтүү пландаштырылууда. Ошондой эле, көргөзмөнүн өзүн ачуу жана өткөрүү алкагында министрликтин жетекчилигинин катышуусу пландалууда.