MEGAны Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алышы мүмкүн

MEGAны Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алышы мүмкүн бул тууралуу президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жазды.

Анын айтымында, «Альфа Телеком» (MEGA) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок.

«Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага КРнын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат», - деди Султанбаев.

Эске салсак, ММБФ уюлдук операторду кайрадан сатыкка коюп, аукционун жарыялады. MEGA 14.6 млрд сомго бааланып жатат.