Панфилов районунун дыйкандары суунун жетишсиздигине нааразы

Чүй облусунун Панфилов районунун дыйкандары суунун жетишсиздигине нааразычылыгын билдиришти. Алар өзүнүн пикирин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев менен жолугушуусунда айтышты.

Парламенттин маалыматына ылайык, Панфилов районунун айыл чарба өндүрүүчүлөрү сугат сууну берүү убада кылынган көлөмдө жүргүзүлбөй жатканын, буга байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин биринчи сугат иштерин бүтүрө электигин белгилешти. Алардын айтымында, Чүй облусунун башка райондорунда дагы экинчи сугат иштери жүрүп жатат.

Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев белгилегендей, сугат суунун көйгөйү анын агып келүүсүнүн аздыгынан, дарыялардагы суунун деңгээли нормадан төмөндүгүнөн жаралууда.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери айдоо аянттарынын биринчи сугаты Чүй облусунда 80%, анын чинде Кемин районунда 75%, Ысык-Ата районунда 65%, Панфилов районунда 34,7% аткарылды деп жооп беришти.